Чыгыш Казакстан облусу менен КЭР чек арага жакын туризмди өнүктүрүүгө кызыкдар

Чыгыш Казакстан облусу менен КЭР чек арага жакын туризмди өнүктүрүүгө кызыкдар

Чыгыш Казакстанда Кытайдан келген саякатчылардын саны өсүүдө. Буга чек арадагы туризмди өнүктүрүү өбөлгө болот. Бүгүнкү күндө КЭРнын Шинжаң-Уйгур автономиялык районунун өкүлдөрү менен кызматташуу жүрүп жатат. Бул максатта аймактагы эң популярдуу кооз жерлер менен таанышуу максатында аталган өлкөнүн ири туристтик компанияларынын өкүлдөрү үчүн маалыматтык тур уюштурулду. Делегация Катон-Карагайский, Глубокое, Маркакөл жана Зайсан райондорунда болду. Туристтик агенттиктердин адистери өз өлкөсүндө республиканын кооз жерлерин жана кооздугун кеңири жайылтышат. Бул багытта биргелешкен иш жүрүп жатат. Белгилей кетсек, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Чыгыш Казакстан облусуна 350 миңден ашуун турист келген.

Ардак Мадиев, ишкердик жана индустриялдык-инновациялык өнүгүү башкармасынын башчысы:

- Биз бир нече сегменттерди, турөнүмдөрдү, анын ичинде 15 адамга чейинки чакан топтордогу эксклюзивдүү туризмди сунуштоого даярбыз. Албетте, 50 кишиге чейин бата турган топтук туризм, стандарттуу топтом бар. Кытайда кеңири колдонулат. Ошондуктан, туризмди өнүктүрө турган кытай компаниялары тарабынан инвестиция тартуу тууралуу сөз болот. Анын ичинде туристтик инфраструктурага өзгөчө көңүл бурулду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков