Казакстанда 5 трансчегаралык хаб курулуп жатат. Өлкө өкмөтүнүн билдирүүсүнө ылайык, алардын ишке кириши 2026-жылга пландаштырылган. Мисалы, Өзбекстан менен чектешкен «Борбордук Азия» эл аралык өнөр жай кооперация борборунда сегиз өндүрүштүк объект курула баштады. Мындан тышкары, Кыргызстан менен чектешкен жерде «Алатау» индустриалдык-логистикалык комплекси активдүү курулууда. Ал, жерде жарыяланган 10 долбоордун көбү кайра иштетүүгө байланыштуу. Инвестициялардын жалпы көлөмү - 200 миллион долларды түзөт. Бир эле учурда Каспий транспорт түйүнү да өнүгүүдө. Актау портунда контейнердик терминалдын кубаттуулугу 70 миңден 240 миң контейнерге чейин көбөйтүлөт. Ал эми Курыктагы «Саржа» терминалынын жүк жүгүртүүсү 10 миллион тоннага жетет. Орусия менен чектешкен аймактагы «Евразия» чек аралык соода борборунун аймагында асфальт-бетон заводу курулууда. «Хоргос түйүнү» хабында 258 миллиард теңгеге 45 долбоор ишке ашырылууда. Уйгур районунда Эл аралык санариптик транспорттук-логистикалык хаб жана «Колжат» агроөнөр жай аймагын түзүү пландаштырылууда.
Которгон: Назира Бегалиева

