Казакстан жылдын аягына чейин 5 пайыздан жогору деңгээлде экономикалык өсүшкө жетиши керек. үчтүн айы-жалган куран айларында ИДӨнүн реалдуу өсүшү 3%ды түздү. Улуттук экономика министрлигинин маалыматы боюнча, курулуш жана транспорт тармактарында эң жогорку өнүгүү темпи байкалган. Ошондой эле, чийки зат эмес сектор экономикалык өсүштүн кыймылдаткыч күчүнө айланды. Жалпысынан 3 айда кайра иштетүү өнөр жайы 8,5% өсүш көрсөттү. Премьер-министр Олжас Бектенов глобалдык геосаясий абалга байланыштуу ички резервдерди толук пайдалануу зарылдыгын белгиледи.
Олжас Бектенов, Казакстан Премьер-министри:
– Ички өнөр жай жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке
ашырып, бардык тармактарга жасалма интеллектти киргизүү керек. Экономиканын
түзүмүндө кайра иштетүү өнөр жайынын үлүшү экинчи жыл катары менен кен казуу
тармагынан алдыда келе жатат. Ага карабастан, реалдуу секторду стимулдаштыруу
үчүн кошумча чаралар зарыл. Өнөр жай министрлигине бир ай ичинде металлургия
жана химия өнөр жайын колдоо, өнүм номенклатурасын кеңейтүү жана өндүрүштүк
кубаттуулуктардын дараметин стимулдаштыруу чараларын иштеп чыгууну тапшырамын.
Ерсайын
Нагаспаев, Казакстандын Өнөр жай жана курулуш министри:
– Жеңил
өнөр жайда текстиль буюмдары, кийим жана булгаары өндүрүшү көбөйүп, тармактагы
өсүү 51,1 пайызды түздү. Курулуш материалдарын өндүрүү битум, курулуш
эритмелери, акиташ, отко чыдамдуу буюмдар, цемент жана бетон конструкцияларынын
көлөмүнүн өсүшү эсебинен 37,1 пайызга өстү. Химия өндүрүшүндө азоттук жер
семирткич менен сары фосфор өндүрүшүнүн көбөйүшүнө байланыштуу 2,4 пайыз өсүү
байкалууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

