Касым-Жомарт Токаев
президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин улуттук майрамы – Эгемендүүлүк
күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысы телеграммада Кыргызстандын
жетишкендиктери өлкөдө кубатталып, достук, жакшы коңшулаштык жана өз ара колдоо
маанайында эки элдин көп тараптуу кызматташтыгы мындан ары да чыңдала берерин
белгиледи.
Мындан тышкары, президент
Малайзиянын Эгемендүүлүк күнүнө карата мамлекеттин Жогорку башкаруучусу Султан
Абдуллах IIни куттуктады. Казакстан менен Малайзияны түрдүү тармактарда өз ара
пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган бекем өнөктөштүк мамилелер
байланыштырып турганын белгилеп, дос өлкөгө гүлдөп өнүгүү каалады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков