Түркиялык конгломерат Казакстандагы долбоорлорго инвестиция салат

Түркиялык конгломерат Казакстандагы долбоорлорго инвестиция салат

Түркиялык «Eren Holding» ири конгломераты Казакстандагы бир нече долбоорго инвестиция салышы мүмкүн. Бул тууралуу өкмөт башчы Алихан Смаилов менен холдингдин жетекчиси Ахмет Эрендин жолугушуусунда белгилүү болду. Премьер-министр бүгүнкү күндө республикада түрк капиталынын катышуусунда 4 миңден ашык компания иштеп жатканын эске салды. Долбоорлор буга чейин тоо-кен металлургия комплекси, инфраструктура, тамак-аш өнөр жайы жана фармацевтика сыяктуу тармактарда ишке киргизилген. Казакстандын Министрлер кабинетинин башчысы өлкөлөрдүн кызматташуусунун жаңы келечеги бар экенине ишеним билдирди. Мындан тышкары, Алихан Смаилов республикада инвесторлор үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөнүнө токтолду. Мисалы, заманбап институционалдык чөйрө түзүлүп, бажы алымдарынан бошотуу, ар кандай салык жеңилдиктери, салык мыйзамдарынын туруктуулугунун кепилдиктери каралган. Өз кезегинде Ахмет Эрен холдинг башка тармактарда жаңы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү карап жатканын билдирди. Алардын арасында кагаз өндүрүшү, энергетика, текстиль өнөр жайы бар. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Казакстанда артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлордун пулун өнүктүрүү боюнча макулдашууга жетишти.

Которгон: Илгиз Жамалбеков