Өзбекстандын атактуу сүрөтчүлөрүнүн акыркы эки кылымда тарткан эмгектери, ар бир чарчы метрге бир жарым миң түйүн менен токулган түркмөн килемдери, азыркы кездеги дизайнерлердин мыкты эмгектери. Мунун баары борбордо ачылган «Чыгыш доору» аттуу көргөзмөсүнө коюлду. Иш-чаранын уюштуруучусу Лейла Махаттын айтымында, мындай көргөзмөнү Казакстанда өткөрүү бекеринен эмес. Анткени Казакстан Батыш менен Чыгышты байланыштырган механизм. Ал эми бул уникалдуу көргөзмө Борбордук Азиянын өткөнү жана азыркысы тууралуу баяндайт.
Лейла Махат, көргөзмөнүн куратору:
– Бул абдан сонун кызматташуу. Чыгыш маданиятынын кандай өзгөчө экендиги баарыбызга белгилүү. Ал эми мындай долбоордун Казакстанда өтүшү эң туура чечим. Анткени, биз чыгыштан батышка карай бардык жолдордун байланыштыруучусубуз. Бул көргөзмө Казакстанда болбосо, башка кайда болот?! Бул долбоор аркылуу биз өзбек сүрөт мектебинин өнүгүшүн, өзгөчө Чыгыш жана Орто Азиядагы сүрөт өнөрүнүн өнүгүшүн көрсөткүбүз келди. Жаш дизайнерлердин жетишкендиктерин, ошондой эле түркмөн килемдерин каада-салттарды жана маданиятты кантип өнүктүрөөрүн көрсөткүбүз келди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков