Казакстанга бешинчи репатриациялык рейс учуп келди

Казакстанга бешинчи репатриациялык рейс учуп келди

Казакстанга бешинчи репатриациялык рейс учуп келди. Украинадан эвакуацияланган жүргүнчүлөр отурган учак Алматы аэропортуна конду. Авиакомпаниянын маалыматы боюнча, учакта 89 адам болгон, анын ичинде Казакстандын 56, Украинанын 32 жана Польшанын бир жараны бар.

Татьяна Митус, жүргүнчү:

- Украинада айланма жол менен жүрүп, чек арага араң жеттик. Снаряддардын жарылуусу абдан коркунучтуу. Бүгүн кызымдан кабар келди, биздин аймак талкаланыптыр. Бул рейске үлгүргөнүбүз абдан жакшы болду. Казакстандын Тышкы иштер министрлигине жана элчилигине рахмат.

Николай Акижанов, жүргүнчү:

- Жолдошум экөөбүздү мейманканага жайгаштырып, тамактандырышты. Эртеси күнү Польшага келип, үч күн болдук. Элчиликтеги казак туугандарга ыраазычылык билдирем. Мен өзүм казакмын, ушул жерде төрөлгөм.

Казакстандын Украинадагы элчилигинин расмий маалыматы боюнча, Мариуполдо 18 казак бар. Кошумчалай кетсек, үч казакстандык Харьковдо, бирөө Сумыда - эвакуациялоо пунктунда. Жалпысынан эвакуация башталгандан бери казак дипломаттары сегиз жүздөн ашуун казакстандыкка Украинадан чыгып кетүүгө жардам беришкен. Алардын 726сы Польшага, калганы Молдова, Румыния, Венгрия жана Словакияга барган. Ошондой эле, элчиликтин жардамы менен 57 казакстандык жүк ташуучу унаанын 51и Украинадан чыгарылды. Калган айдоочуларга керектүү жардамдар көрсөтүлүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков