Алматы облусунда спорттун улуттук түрлөрү боюнча республикалык Сонар-2022 турнири өттү. Быйыл 24-ирет өткөрүлүп жаткан ачык республикалык мелдеш мамлекеттик жана коомдук ишмер Динмухамед Конаевдин 110 жылдыгына арналып, өлкөбүздүн аймактарынан эле эмес, Түркия, Монголия, Кыргызстан жана Кытайдан да спортчулар катышты. 19дан ашык команда, 100гө жакын бакма канаттуулар өздөрүнүн чеберчилигин керсөтүштү, алардын арасында эл аралык жана республикалык мелдештердин бир нече жолку жеңүүчүлөрү да бар.
Бир нече күн көчмөн мергенчилер мыкты деген наам үчүн күрөштү. Жырткыч канаттуулар менен аңчылык өнөрүндө жаш курак боюнча чектөөлөр болгон жок. Бул эң жаш ышкыбоздорго да катышып, жеңишке жетишине шарт түздү. Нура айылынын 7 жаштагы тургуну шумкар менен аңчылык кылууда жеңүүчүлөрдүн бири болду.
Айдар Бекмухамбет, турнирдин катышуучусу:
Шумкарымды коёнго үйрөтүп жатам. Бул спорт менен 5 жашымдан бери машыгам. Байкемдин, агаларымдын бүркүттөрдү кантип таптаганын көрүп турам, мен да муну жакшы көрөм.
Багдат Муптеке кызы, «Кыран федерациясы» коомдук фондунун аткаруучу мүдүрү:
90го жакын саяпкерлер катышууда. Биз категориялар боюнча жыйынтыктарды чыгардык: бүркүт, шумкар менен аңчылык. Өзүнчө Тайган иттердин улуттук породасын өстүрүүчү мыктылар аныкталды. Белгилеп кетсек, жыл өткөн сайын кыздардын саны арбып баратат. Маселен, Чыгыш Казакстан облусунан келген сегиз жаштагы Айзере мыкты жетишкендиктерди көрсөтүп жатат. Анын үстүнө мен дароо бүркүт менен иштей баштадым.
Мелдеште жырткыч канаттуулар менен мергенчиликтен сырткары, улуттук ат оюндары – жамбы атуу, тыйын эңмей боюнча көрсөтүүлөр, ошондой эле 500 метрге кумай тайган боюнча мелдештер өткөрүлдү.
Которогон: Илгиз Жамалбеков