Касым-Жомарт Токаев Билим берүү жана илим министри Асхат Аймагамбетовду кабыл алды. Президентке жеке бала бакчалардын жоопкерчилигин жогорулатуу жана мектеп программаларын ошондой эле окуу китептерин иштеп чыгууга жаңы ыкмаларды киргизүү сунушталды. Министрдин айтымында, «Илим жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Ал эми тарых, казак тили, философия, археология, математика, чыгыш таануу жана башка тармактарда илимий изилдөөлөр менен алектенген 4 миңден ашуун окумуштуулар үзгүлтүксүз эмгек акы алышат. Илимий долбоорлорду каржылоо мөөнөтү мурунку 3 жылдан 5 жылга узартылды. Жаш окумуштууларды колдоо үчүн миңдеген гранттар бөлүнгөн. Президент мектептердеги билим берүүнүн сапатын жана мугалимдердин макамын жогорулатуу боюнча максаттуу иштерди күчөтүүнү тапшырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков