Мамлекет башчысы Алматы облусундагы бир катар объектилерди кыдырды

Мамлекет башчысы Алматы облусундагы бир катар объектилерди кыдырды

Мамлекет башчысынын Алматы облусуна болгон жумушчу сапары өнөр жай жана социалдык объектилерди кыдыруу менен уланды. Президент Касым-Жомарт Токаев табигый жашыл өсүмдүктөрдү өстүрүү үчүн заманбап GREEN ECO күнөскана комплексин карап чыкты. Бүт өндүрүш процесси химиялык заттарды, жер семирткичтерди же пестициддерди колдонбостон жүргүзүлөт. Пайдалуу өнүм өлкөнүн башка аймактарына да жеткирилет. Президент ошондой эле Казакстандагы эң ири «Лукоморье» багбанчылык борборун да көрүп чыкты. Автоматташтырылган процесстердин аркасында асыроочу жайдан жылына 1,5 миллионго чейин дарактарды, декоративдүү бадалдарды жана гүлдөрдү өстүрүүгө жөндөмдүү. Борбордун өнүмдөрүнө Казакстанда гана эмес, Өзбекстан менен Кыргызстанга да суроо-талап бар.


Касым-Жомарт Токаев ошондой эле аймактын уникалдуу спорттук долбоорлорун – эл аралык деңгээлдеги «Атлетико де Мадрид Казакстан» футбол академиясын кыдырып чыкты. Учурда ал жерде 116 жаш футболчу испан ыкмалары менен жашап, машыгып жатышат. Аларга комплекстүү билим берүү процесси үчүн бардык зарыл шарттар түзүлдү. Президентке академияны өнүктүрүү жана анын спорттук инфраструктурасын кеңейтүү пландары сунушталды. Тактап айтканда, пландарга эки ачык жасалма чөптүү футбол аянтчасын, ошондой эле 500 орундуу жабык арена куруу кирет. Академиянын жайгашкан жери климаттык факторлорду эске алуу менен тандалып алынган: таза тоо абасы жана Алматы облусунун Талгар районунун жагымдуу климаты балдардын тез калыбына келишине өбөлгө түзөт. Андан кийин Касым-Жомарт Токаев ФИФАнын стандарттарына жооп берген футбол аянтчасын карап чыкты. Президент жаш футболчулар менен жылуу маектешип, футболдук топко кол койду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков