Казакстанда өлкө тарыхында алгачкы микропроцессор тааныштырылды.
Ал Назарбаев университетинде жасалдф. Жогорку окуу жайынын окумуштуулары
«Designed in Kazakhstan» деген белгиси бар чиптин технологиялык экосистемасын
калыптандыруу менен жарым өткөргүч приборлорду жасаган ишканалардын индустриясына
багыт алуудагы маанилүү кадам болуп саналат. Мындан тышкары, илимий изилдөө,
билим берүү жана инновациялык өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Микрочипти
автоматташтырылган түзүлүштөрдө, чакан өнөр жай компьютерлеринде колдонсо
болот. Башкача айтканда, жогорку өнүмдүүлүктү талап кылбаган, бирок
ишенимдүүлүк жана туруктуулук маанилүү чөйрөдө алмаштырылгыс аппарат. Процессорду иштеп чыгууга
жана сыноого үч ай убакыт кетти. Бул казакстандык окумуштуулардын Кытай илимдер
академиясынын университети менен Бээжиндеги ачык коддор институтунун ортосундагы
кызматташтыгынын натыйжасы.
Нурсултан Кабылкас, Назарбаев университетиндеги инженерия
жана санариптик илимдер мектебинин асситент-профессору:
- Биздин процессорлорду долбоорлоо боюнча билимибиз бизге микрочиптерди жасоодо кызматтарды сунуштоого мүмкүндүк берет. Өлкө импорттон көз карандылыкты азайтып гана тим болбостон, өнүмдү экспорттой алат. Ошентип, биз чип өндүрүү багытында чет элдик кардарлар менен келишим түзө алабыз. Мындан тышкары, бул жетишкендиктер санариптик трансформация доорундагы позициябызды бекемдөөгө жардам берет деп ишенем.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

