Ошондой эле Астанада кылмыш, жарандык жана административдик иштер боюнча үч көз карандысыз кассациялык сот түзүлөрү белгилүү болду. Бул жаңычылдык сот системасын реформалоо боюнча мыйзам долбоорунун нормаларынын бири болуп саналат. Мыйзам долбоору жыйындын биринчи окуусунда жактырылды. Мыйзамдык нормаларга ылайык сот адилеттигин ишке ашыруу менен жергиликтүү жана кассациялык соттор гана алектенет. Алдын ала көрүү процесси алынып салынды. Соттун өзү тараптардын чакыруусу менен оозеки форматта өтөт. Ошентип, Жогорку соттун ролу өзгөрөт. Анын максаты сот практикасын түшүндүрүү жана бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу болуп саналат. Ал эми актыларды кароо өзгөчө учурларда гана жүргүзүлөт. Ушул жана башка инновациялар 2025-жылдын теке айынан баштап ишке киргизилиши күтүлүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков