Коомдук
диалог үчүн масштабдуу аянтча – Казакстан эли Ассамблеясынын ролун күчөтүүгө
багытталган Элдик кеңеш. Жаңы
мамлекеттик институт этносторду, аймактарды жана коомдук топторду бириктирген консультативдик
платформа катары иштейт. Маанилүү айырмачылыгы – ал мыйзам чыгаруу демилгеси
укугуна ээ болот. Башкача айтканда, кеңештин мүчөлөрү жаңы ченемдер боюнча
сунуштарды киргизе алат. Бул мамлекеттик саясатты түзүүгө түздөн-түз катыша
алат дегенди билдирет. Серепчилер белгилегендей, мындай өзгөрүүлөр Кеңештин
ишине системалуу жана тажрыйбага багытталган мүнөз бере алат. Бул мамлекеттик
органдар менен түз байланыштын жана чечимдерге диалог аркылуу гана эмес,
конкреттүү демилгелер аркылуу да таасир этүү мүмкүнчүлүгүнүн эсебинен этностор
аралык ынтымакты күчөтүп, этномаданий бирикмелердин ишмердүүлүгүнүн
натыйжалуулугун жогорулатат деп күтүлүүдө.
Тимур
Жумурбаев, «Жаштар Ассамблеясы» РКБнын төрагасы:
- Бүгүн
биз, тескерисинче, бул Казакстанда этностор аралык мамилелер чөйрөсүн
бекемдөөнүн жаңы институционалдык этабы, көп түрдүүлүктөгү биримдик принциби
жөнүндө сөз кылуудабыз. Ал жалпысынан бүтүндөй мамлекет жана казакстандык коом
үчүн өзгөрүлбөс болуп келген жана өзгөрүлбөс бойдон кала берет.
Алишер
Сатвалдиев, Парламент Сенатынын депутаты:
- Жөнөкөй сөз менен айтканда, КЭАнын жана Улуттук
Курултайдын ишмердүүлүгү жаңы деңгээлге чыгууда. Мында институттарды алмаштыруу
жөнүндө эмес, алардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү тууралуу сөз болуп жатат.
Этностор жана коомдук топтор менен иштеген түзүмдөр биригет. Алар бирдиктүү
элдик институт катары иш алып барат. Эң негизгиси - өлкөбүздүн келечеги үчүн
иштөө болуп саналат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

