Эл каттоо заман талабына ылайык жаңыртылды

Эл каттоо заман талабына ылайык жаңыртылды

«Казакстанда ар бир адам маанилүү». Мындай ураан менен быйыл өлкөдө өтө турган эл каттоо автоматташтырылып, ага санариптик технологиялар киргизилет. Пандемия учурунда эч ким көңүлдөн сырт калбашы үчүн, биринчи жолу анкетаны онлайн режиминде толтуруу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Ал үчүн алдыдагы аяк оона айынан баштап sanaq.gov.kz сайты өз ишин баштайт. Ал эми тогуздун айынан тартып бир ай бою салтка айланган жалпы тур болот. Ошондой эле, эл каттоонун жүрүшүндө 1446 бирдиктүү call-борбору иштейт. Буга кошумча, респонденттер каалаган суроолорун берип, кеңеш алуу үчүн Улуттук статистикалык бюросунун сайтына, жетекчинин блогуна жана социалдык тармактараркылуу кайрыла алышат. Адистердин айтымында, бул жаңычылдыктар эл каттоонун жүрүшүндө чогултулган маалыматтардын сапатына адам факторунун таасирин азайтып, маалыматтын тактыгын жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Асем Алдангар Кызы, Казакстандын Улуттук статистика бюросунун басма сөз катчысы:

- Система суткасына 24 саат бою жеткиликтүү болот. Респондент эл каттоого катышуу үчүн ар кандай ыңгайлуу убакытты тандай алат. Ошондой эле, сайтта бланкты толтурууну токтотуп, кийин толтурууну улантууга мүмкүндүк бар. Аны менен катар, электрондук өкмөттүн egov.kz платформасында sanaq.gov.kz сайтынын кошумча баракчасы жайгаштырылат. Ал аркылуу электрондук санарип кол тамгасын колдонуу менен каттоого катышууга болот. Мобилдик жарандар үчүн Aitu мобилдик тиркемеси аркылуу Улуттук каттоого катышуу мүмкүнчүлүгү сунушталат.

Быйылкы улуттук каттоодо миграция, жумушка орношуу, үй-бүлөлүк абалы, бала төрөө жана тил билүү боюнча суроолордун алкагы кеңейди. Мисалы, 2009-жылы бардыгы 73 суроо болсо, азыр алардын саны 87ге жетти. Ошондой эле, бул жолу БУУнун Майыптар статистикасы жөнүндөгү Вашингтон тобу менен сунушталган жаңы суроолор кошулду. Анда мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын критерийлерин эске алуу менен саламаттык сактоо статистикасы жаатындагы эл аралык кызматташууну кеңейтүү каралган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков