Казакстанда кызматын сапатсыз аткарган байланыш операторлоруна байланыштуу жоопкерчилик күчөтүлөт. Белгиленген техникалык талаптарга ылайык, интернет же уюлдук байланыш менен камсыз кыла албаган ири ишкердик субъект үчүн айыппулду 10 эсеге чейин көбөйтүү сунушталууда. Тагыраак айтканда, эми 100 эмес, 1000 АЭК өлчөмүндө айыппул төлөөгө мажбур болот. Эгерде бир жылдын ичинде мыйзам бузуу кайталанса, анын көлөмү 1500 АЭК көлөмүнө чейин өсөт. Мажилисте ата мекендик байланыш операторлорун сапаттуу кызмат көрсөтүүгө кызыктырган жаңы мыйзам долбоору кабыл алынды. Ошондой эле, жыйында быйыл Нур-Султан, Алматы жана Шымкент шаарлары пилоттук режимде 5G мобилдик тармагына кошулары айтылды. Ал эми аймактар байланыштын бул түрү менен 2023-2024-жылдар аралыгында камтылат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков