Президент ЖМК кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент ЖМК кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Президент коомдук пикирди калыптандырууда, улуттун кызыкчылыгын коргоодо жана мамлекеттүүлүктүн баалуулуктарын жайылтууда журналисттердин ролун белгиледи. Ал өз кесибин сүйгөн, таланттуу журналисттерге колдоо көрсөткөн, Президенттин сыйлыгынын жалпыга маалымдоо каражаттары жаатындагы салттуу Президент сыйлыгы анын бир көрүнүшү экендигин атап өттү. «Сыйлык ээлеринин ысымдары казак журналистикасынын жылнаамасына жазылары шексиз», - деди Мамлекет башчысы өз куттуктоосунда. Ошондой эле, Касым-Жомарт Токаев Казак радиосунун 100 жылдык мааракесинин алкагында тогуздун айынын бири – «Радио кызматкерлеринин күнү» деп расмий түрдө бекитти.

Которгон: Илгиз Жамалбеков