Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, алар Алматы жана Түркестан облустарында ишке киргизилет. Концепцияга ылайык, бул жерде курулуш жана өндүрүш тармактары пайдаланууга берилет. Белгилей кетсек, атайын экономикалык зоналар жаңы үлгү боюнча иштейт. Тактап айтканда, жеңилдиктерди берүүнүн дифференцияланган жолу киргизилүүдө. Эми катышуучулар инвестицияга жараша аталган жеңилдиктерден пайдалана алышат. Бул республикалык бюджетке салыктык түшүүлөрдү көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков