Техникалык кадрлардын жаңы мууну калыптанат

Техникалык кадрлардын жаңы мууну калыптанат

Жакынкы жылдары өлкөдө абройлуу чет элдик университеттердин 5 филиалын ачуу көздөлүүдө. Алардын ичинен техникалык багыттагы экөөсү өлкөнүн батыш аймагына тиешелүү. Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев аймактарга мыкты мугалимдерди тартуу жана жаштар үчүн максаттуу гранттарды бөлүү боюнча атайын программа иштеп чыгууну тапшырган. Урал университеттерине жаңы инновациялык окуу программалары зарыл экенин түшүнүшөт, анткени өлкөдө гуманитардык адистердин саны арбын.

Аксерик Айтимов, Инновациялык жана телекоммуникациялык системалар университетинин түзүүчүсү:

- Көп жылдар бою, балким, зарыл болгондур, бирок гуманитардыкка үстөмдүк болуп кетти. Президент айткандай, атомдук өнөр жайды өнүктүрүү керек, суутек өнөр жайын өнүктүрүү зарыл. Электр энергиясы бар, альтернативдик энергетика бар, бирок электрик адистери жетишсиз.

Урал агротехникалык университети чет өлкөлүк окуу жайынын филиалына база берүүгө даяр. Бул суроо-талапка ээ болгон кадрларды даярдоого шарт түзөт, деп эсептейт университеттин ректору.

Аскар Наметов, Жаңгир хан атындагы Батыш Казакстан агрардык-техникалык университетинин ректору:

- Чет элдик университеттерди өлкөбүзгө тартуунун аркасында биз жаңы билимдерге ээ болобуз. Алар биздин университеттер менен да жаңы технологияларды бөлүшө алышат. Мына ушунун бардыгы биздин студенттерди жибергенден көрө, чет элдик адистерди өлкөбүзгө чакыруу оңой болуп саналат.

Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, жаштар арасындагы жумушсуздукту жоюу, алардын бизнес сунуштарын колдоо өкмөттүн артыкчылыктуу багыты болмокчу.

Которгон: Илгиз Жамалбеков