Мындан 24 жыл мурун өлкөнүн Туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаевдин жарлыгы менен Казакстандын борбору Алматыдан Акмола шаарына көчүрүлгөн. Борборду расмий көчүрүү 1997-жылдын бештин айынын 10да болгон. 1998-жылы бугу айында шаардын аталышы Астана болуп өзгөртүлгөн. Ал эми 2019-жылдын бугу айынын 23дө өлкөнүн борбору Нур-Султан деп өзгөртүлдү. Тарых үчүн өтө кыска мөөнөттүн ичинде борбор шаар заманбап мегаполиске айланды. Бүгүнкү күндө ал Казакстан элинин эгемендүүлүк жылдарындагы эмгегинин, бийик максаттарга жете билүүнүн, бардык казакстандыктардын ынтымак-биримдигинин символу. Азыркы учурда борбор калаа Евразия континентиндеги эң келечектүү жана динамикалуу өнүгүп жаткан шаарлардын бири болуп саналат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков