Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Казакстандагы ландшафттарды калыбына келтирүү долбооруна каражат бөлдү

Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Казакстандагы ландшафттарды калыбына келтирүү долбооруна каражат бөлдү

Казакстанды жашыл оазиске айландыруу. Жашылдандыруу жолунда эң алды менен өлкөнүн жашылдандырууга муктаж болгон аймактарына өзгөчө көңүл бурулат. Андагы куураган бак-дарактар менен эскилиги жеткен жерлер калыбына келтирилет. Бул максатта Глобалдык экологиялык фонду программасы алкагында Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Казакстанга 4,3 миллион доллар каражат бөлдү. Долбоор 2021-2025-жылдары ишке ашырылат.

Аян Мейраш, РКнын эгтрм токой чарбачылыгы жана жаныбарлар дүйнөсү комитетинин басма сөз катчысы:

- Бул каржылык негизде белгиленгендей, бак-дарак отургузуу менен бузулган жерлерди кайрадан көрктөндүрүү жараяны. Кызылордадагы Арал көйгөйүн чечүү үчүн бир топ иш-аракеттер жасалат. Борбор калаанын айланасында «жашыл зона» бар, дал ушундай аймакты Кызылорда шаарынын айланасында түзүү маселеси каралган.

Атап айтканда, Арал деңизинин кургап кеткен түбүндөгү 300 миң гектар токой жерлери картага түшүрүлөт. Кошумча 50 миң гектарга бак отургузулат. Регионду токойлуу чөлкөмгө айландыруу үчүн жылдык кубаттуулугу 4 миллион даана сөксөөлдү өстүрүүгө көчөт аянты жана токой питомниги түзүлөт. Облус борборунун айланасында 3 миң гектар жашыл аянт пайда болот.

Аян Мейраш, РКнын эгтрм токой чарбачылыгы жана жаныбарлар дүйнөсү комитетинин басма сөз катчысы:

- Аталган каражат бак отургузуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү, селекциялык борборлор сыяктуу бак-дарак өсүмдүктөрүн өстүрүү боюнча жаңы борборлорду түзүүгө бөлүнөт. Белгилей кетүүчү жагдай, бул эки тараптуу келишим Президенттин кайрылуусуна байланыштуу 2 миллиард бак-дарак көчөттөрүн отургузууну сапаттуу түрдө жүзөгө ашыруу жолунда чоң фактор болору шексиз.

Ошондой эле, мындай изги демилге Кызылорда жана Жамбыл облустарындагы токой чарбаларынын материалдык-техникалык базасын

чыңдоого өбөлгө болот деп күтүлүүдө. Буга кошумча, долбоордун алкагында Түркестан аймагындагы эсепке алынбаган токойлордун инвентаризациясы жүргүзүлөт. Акмола облусунда токой үрөндөрүнүн генетикалык банкы түзүлөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков