93% окуу китептери санариптик форматка өткөрүлдү

93% окуу китептери санариптик форматка өткөрүлдү

Казакстанда билим берүүнү санариптештирүү кызуу жүрүп жатат. Республика боюнча мектеп китептеринин 93%ы электрондук форматка өткөрүлдү. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, алар мамлекеттик экспертизадан өтүп, окуу-методикалык комплекстердин тизмесине киргизилди. Электрондук окуу китептерин иштеп чыгууга республика боюнча 11 басмакана тартылган. Ал эми мугалимдерди окутууга инновациялык ыкмаларды киргизүү максатында алар үчүн методикалык сунуштар түзүлгөн. Мугалимдер заманбап диджитал технологияларды, онлайн коммуникацияларды пайдалануу менен сабак өтүшөт, ошондой эле онлайн ресурстарды колдонуу менен билимдерин өркүндөтүшөт. Мындан тышкары робототехника, STEM, химия, физика, биология сабактары боюнча заманбап класстарды ачуу иштери жүрүп жатат. Учурда мындай класстар менен миңге жакын мектеп жабдылган. Белгилей кетсек, предметтик класстар Акмола, Актөбө, Костанай, Кызылорда, Павлодар, Түндүк Казакстан облустарында жана Шымкентте пайда болду.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков