Казак музыкасына кызыккан француз диджейи

Казактын этникалык музыкасы кайталангыс жана өзгөчө. Анын жаңыруусу француз диджейи Филипп Сандды таң калтыргандыктан, ал азыр анын элементтерин келечектеги эмгектеринде колдонууга ниеттенүүдө. Филипптин Астанада жашаганына бир жылдан ашты. Бул жерде ал Франциянын дипломатиялык миссиясында иштейт. Бирок анын хоббиси жана чыгармачылыгы аны ушунчалык шыктандыргандыктан, ал композицияларды жигердүү жазып, обонго сала баштаган. Ал бир нече өлкөлөрдө иштеп, ар бир элдин улуттук музыкасын өзүнүн заманбап эмгектери менен айкалыштырган.

Филипп Санд, диджей (Франция):
- Менимче, акыркы убакта этникалык музыканын атактуулугу артып келүүдө. Кайра жанданды деп да айтууга болот. Менин оюмча, адамдар электро музыканы, техно хаусту көп уга баштады. Эми адамдар жаңы үн издеп жатышат. Мындай жаңы үндөрдү биз трайбл музыкасынан алабыз. Трайблдын негизин Түштүк Америка, Африка жана Борбордук Азиянын этникалык музыкасы түзөт. Бул региондордун бардыгында ар кандай шаймандар бар. Биз продюсер катары бул шаймандарды колдонуп, коомчулукка тааныштырууга аракет кылабыз. Менин эң чоң пландарымдын бири - өзүмдүн тректеримде казак аспаптарын колдонуп көрүү.

Француз коногун казактын музыкасы эле эмес, ашканасы да таң калтырды. Борбор калаадагы улуттук ашканалардын биринде болуп, домбрада ойноп көргөн. Эми ал Казакстандын маданияты менен жакындан таанышуу үчүн республиканын түштүгүнө жана батышына барууну көздөп жатат.

Филипп Санд, диджей (Франция):
- Бул эки тараптуу алмашуу. Мен заманбап музыкага, электрондук музыкага Европалык тенденцияларды киргизүүгө аракет кылып жатам. Мага Казакстандын маданиятын жана анын өзгөчөлүктөрүн жакшыраак түшүнүүгө убакыт керек. Учурда казакстандык ырчы айым менен бирге долбоордун үстүндө иштөөдөмүм. Ал мейнстримдүү ыр болот. Ал өзү мага сунуш кылды, мен кубануу менен кабыл алдым.

Чет элдик конок Казакстандагы жана өз мекениндеги мындан аркы чыгармачылык пландары тууралуу айтып берди. Филипп республиканын Эгемендүүлүк күнүнө карата борбордогу майрамдык концертке катышып, «Астана Опера» театры менен биргеликте иш алып барат. Ал эми кышкы эс алууда Францияда өнөрүн тартуулайт.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков