Ага Казакстан гана эмес, Австрия, Германия, Кытай, Нидерланды, Бириккен Араб Эмираттары, Орусия жана Түркиядан 86 компания катышып жатат. Дал ушул жерде ата мекендик жана чет элдик адистер мунай жана газ тармагын өнүктүрүүнүн ар кандай багыттары менен заманбап технологияларын көрсөтүштү. Атап айтканда, адистештирилген жабдуулар, жеке жана өндүрүштүк коргонуу каражаттары, көзөмөлдөө-өлчөө аспаптары жана автоматика.
Борис Даниленко, казакстандык көргөзмө компаниясынын мүдүрү:
- Көргөзмөнүн алкагында жер казынасын пайдалануучу компаниялардын Казакстандын ири мунай жана газ ишканаларына жеткирүүчү жолдору тууралуу бет ачарын камтыган бай ишкердик программа өтөт. Ошондой эле, катышуучу компаниялар тренингдерди жана семинарларды уюштурат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков