Казакстанда өлкөдөн капиталды мыйзамсыз чыгарып кетүүгө байланыштуу 7 иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн Каржы мониторинг агенттигинин төрагасы Жанат Элиманов билдирди. Анын айтымында, бул ишке байланыштуу 28 миллион долларга бөгөт коюлган. Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев агенттиктин кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы күрөшүү жана көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүү боюнча ишинин маанилүүлүгүн белгилеп, бизнеске каршы бардык кылмыш иштерин тергөөдө мыйзамдын так сакталышын камсыздоону тапшырды.
Жанат Элимановдун айтымында, жалпысынан 2022-жылдын башынан бери Каржылык мониторинг агенттиги тарабынан 552 кылмыш иши козголгон. Алардын жарымынан көбү оор жана өтө оор кылмыштар. Уюшкан кылмыштуу топ түзүү боюнча 14 факты боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталды. Мамлекетке келтирилген чыгашанын көлөмү 62 миллиард теңгени түзөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков