Улуттар аралык ынтымак жана элдин биримдиги –
Казакстандын мамлекеттик саясатынын эң башкы багыттарынын бири. Бул тууралуу
бүгүн Касым-Жомарт Токаев орус, славян жана казак уюмдарынын ассоциациясынын
төрагасы, Мажилистин депутаты Сергей Пономарев менен жолугушууда билдирди. Ал
мамлекет башчысына Ассоциациянын мамлекеттик тилди илгерилетүү, ошондой эле
Казакстан элдери Ассамблеясын 2030-жылга чейин өнүктүрүү концепциясын ишке
ашыруу боюнча жүргүзүп жаткан иштери тууралуу айтып берди. Өз кезегинде
Касым-Жомарт Токаев улуттар аралык ынтымак жана бардыгы үчүн бирдей
мүмкүнчүлүктөр Адилеттүү Казакстандын негизги принциптери болуп кала берерин
баса белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

