Жасалма интеллектти өнүктүрүү Казакстан үчүн стратегиялык артыкчылык болуп
саналат. Касым-Жомарт Токаев бул тууралуу Алматыда Жасалма интеллектти
өнүктүрүү боюнча кеңештин экинчи жыйынында айтты. Заманга шайкеш келүү үчүн
өлкө санариптик мамлекетке айланышы керек. Ошол эле учурда, мамлекет башчысы
санариптик экономиканын ИДӨгө кошкон салымын баалоону жана бардык мамлекеттик
органдарда тармактардын ишин көзөмөлдөө системасын ишке ашыруу зарылдыгын баса
белгиледи. Өкмөткө бул тапшырма берилди.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Бирдиктүү мамлекеттик
маалымат системасы болбосо, жасалма интеллект натыйжасыз бойдон калат.
Ошондуктан, мамлекеттик кызматтар ашыкча бюрократиялык талаптарды жок кылган
көрүнбөгөн, бирок жогорку натыйжалуу иштөө системасына айландырылышы керек.
Салттуу системада суроо-талапты алуудан баштап чечим кабыл алууга чейинки
процесс бир нече күн же ал тургай жумаларды талап кылат. Чындыгында
бул цикл секундаларга чейин кыскартылышы керек, бул өлкө боюнча капиталдын
айланышын кескин тездетүүнү камсыз кылат.
Бүгүнкү
күндө экономиканы санариптештирүү зарылчылыкка айланууда. Муну баары түшүнүшөт.
Мисалы, БАЭ накталай эмес төлөмдөргө толугу менен өтүүнү пландаштырууда. Кытай
санариптик платформалар аркылуу триллиондогон долларлык транзакцияларды иштеп
чыгууда. Казакстан да натыйжаларга жетишип жатат: өлкөдө накталай эмес төлөмдөр
80% дан ашты жана санариптик теңге кеңири колдонулууда. Эми мамлекет башчысы
Өкмөткө жана Улуттук банкка Казакстанды крипто-хабга айландыруу үчүн санариптик
активдерди өнүктүрүү стратегияларын координациялоону тапшырды. Президент ошондой эле тиешелүү инфраструктураны
технологиялык эгемендүүлүктүн пайдубалы деп атады.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын
Президенти:
– Ишенимдүү санариптик
инфраструктура өлкөбүз үчүн стратегиялык активге айланышы керек. Өкмөт «Маалымат
борборунун өрөөнү» долбоорунун негизги параметрлерин эл аралык стандартка жана
негизги оюнчулардын талаптарына ылайык комплекстүү иштеп чыгышы зарыл. Эң негизгиси, бул
маанилүү план өлкөнүн реалдуу муктаждыктарына жана заманбап, алдыңкы
тенденцияларына ылайык ишке ашырылууга тийиш.
Мамлекет башчысы казак тилин заманбап санариптик
системаларга толук интеграциялоону тапшырды. Өкмөт бардык архивдерди жана
учурдагы маалыматтарды жасалма интеллектти окутуу үчүн маалымат топтомдоруна
тез арада айландырышы керек. Стратегиялык пландаштыруу жана реформалар
агенттиги Улуттук маалыматтардын сапатынын стандартын бекитүүнүн үстүндө
иштейт. Илимий изилдөөлөргө өзгөчө көңүл буруу керек. Касым-Жомарт Токаев
аларды тез коммерциялаштыруу механизмдерин ишке ашырууну, ошондой эле
келечектүү долбоорлорго инвестиция салуу үчүн салык жеңилдиктери менен
венчурдук экосистеманы түзүүнү тапшырды. Президент Кеңештин кийинки жыйынын
өнөр жайда жасалма интеллектти ишке ашыруу маселелерине арноону сунуштады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

