Астанада өткөн тарыхчылардын улуттук конгрессинин форумунда «Казакстандын тарыхы байыркы замандан бүгүнкү күнгө чейин» аттуу жети томдук жаңы академиялык басылманы даярдоонун жүрүшү талкууланды. Бүгүнкү күндө академиялык басылманын жыйнагына беш илимий-изилдөө институту жана өлкө боюнча 250дөн ашык окумуштуу тартылды. Мамлекеттик кеңешчи Ерлан Карин акыркы жылдары илимий жүгүртүүдөгү археологиялык табылгалар жана архивдик документтер улуттун тарыхын, масштабдуу кабылдоо зарылдыгын күбөлөндүрүп турганын белгиледи.
Ерлан Карин, Мамлекеттик кеңешчи:
- Казакстан-көчмөндөрдүн байыркы
мамлекеттик түзүмдөрүнүн бешиги жана бир кездеги кубаттуу өлкөлөрдүн жана
империялардын мураскери эле эмес, ошондой эле бүткүл көчмөн цивилизациясынын
борбору. Ошондуктан Улуттук тарых илиминин милдети-элибиздин тарыхына
цивилизациянын парадигмасы жагынан кыйла масштабдуу көз караш менен кароо, аны
ушул позициядан даңазалоо.
Катышуучулар китепти иштеп чыгуу ишин
жогору баалашты. Ошондой эле окумуштуулар археологиялык жана тарыхый-маданий
эстеликтерди изилдөө масштабын кеңейтүү, архив ишин өнүктүрүү, окуу китептерин
жана тарыхты окутуунун методикасын өркүндөтүү зарылдыгын белгилешти. Айрыкча
изилдөөчүлөр археология, этнография, тарыхый география жаатындагы ачылыштарды жана
чет өлкөлүк архивдерден, китепкана фонддорунан издөө натыйжаларын
системалаштыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

