Эксперттер: Казакстан жана Түркмөнстан стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүдө

Эксперттер: Казакстан жана Түркмөнстан стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүдө

Түркмөнстандын президентинин Казакстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында түзүлгөн келишимдерди саясат таануучулар жана аналитиктер жогору баалашууда. Алардын айтымында, бул эки тараптуу мамилелердин жаңы барагын ачат. Казакстан менен Түркмөнстандын ортосундагы кызматташтыктын маанилүү бөлүгү транспорттук логистика болуп саналат. Казакстан Түркмөнстан аркылуу Иранга жана андан ары Перс булуңуна түз чыгууга мүмкүнчүлүк алат, ал эми Түркмөнстан Казакстан аркылуу Кытайга, Орусияга жана Европа өлкөлөрүнө чыга алат. Мындан тышкары, саясат таануучу Таир Нигмановдун айтымында, эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүү багыты Каспий деңизинин экосистемасын сактоого биргелешип катышуу болуп саналат.

Таир Нигманов, эл аралык мамилелер боюнча серепчи:

- Балким, Каспийдин макамын жөнгө салуу үчүн ондогон жылдар бою дипломатиялык иштерди жасадык десем, аша чапкандык болбос. Анткени, суу акваторияларынын кантип бөлүнүшү, нейтралдуу суулар барбы же, мисалы, аларды кантип бөлүштүрөбүз, ушундан көз каранды. Шельфтердин маселеси жана башкалар. Түркмөнстан Каспий боюндагы мамлекеттердин бир бөлүгү катары бардык бул дипломатиялык процесстерге катышкан. Бул бир жагы. Экинчи жагынан, биз азыр экология жана суу боюнча дагы кызматташууга аргасыз болобуз. Бул Каспий деңизинин тайыздап бараткан маселеси. Бул тууралуу биздин президент БУУнун аянтчасында да айткан.

Ошол эле учурда, Казакстан менен Түркмөнстан санариптештирүү жаатында өз ара аракеттенүүнү күчөтүү боюнча макулдашышты. Мисалы, өлкөлөр Маңгыстау облусундагы Темирбаба участкасында жана Түркмөнстандагы Бекдаш аймагында жер астындагы оптикалык-була линиясын куруу боюнча биргелешкен долбоорду баштоону көздөөдө. Жаңы линия эл аралык байланыш каналдарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн бир топ жогорулатууга, аймакта кошумча санариптик маршруттарды түзүүгө жана Борбор Азиянын транзиттик дараметин чыңдоого мүмкүндүк берет. Курулушту бир жылдын ичинде бүтүрүү пландаштырылууда.

Азамат Сериктаев, жасалма интеллект жана санариптик өнүгүү министрлиги башкармалыгынын жетекчиси:

- Бул өлкөгө эмне берет? Биринчи кезекте бул экономикалык эффект берет. Ошондой эле бул трафиктин транзитин диверсификациялоо үчүн жасалууда. Баарыбызга белгилүү болгондой, азыр трафиктин транзити жыл сайын өсүүдө. Орточо эсеп менен берилүүчү маалыматтын көлөмү 1,5 - 2%га көбөйүүдө. Бул эл аралык операторлор, башка өлкөлөрдүн операторлору менен байланыш түйүндөрүн көбөйтүү үчүн жасалууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков