Казакстан паспорт күчү боюнча Борбор Азияда алдыңкы орунда

Казакстан паспорт күчү боюнча Борбор Азияда алдыңкы орунда

Казакстандык паспорттун эл аралык кадыр-баркы кыйла жогорулап баратат. Бүгүнкү күндө өлкө жарандары Азия, Жакынкы Чыгыш, Европа жана Латын Америкасынын көптөгөн өлкөлөрүнө визасыз же жеңилдетилген тартипте эркин кире алышат. Акыркы жылдары Кытай, Түштүк Корея, Бириккен Араб Эмираттары, Оман, Марокко жана Таиландга визасыз барууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Көк паспорт менен Азербайжан, Беларусь, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Гаитиге эркин кире аласың. Ал эми 14 өлкөдө 90 күнгө чейин визасыз жүрүүгө болот. Дагы 18 өлкөдө 30 күнгө чейин саякаттоого уруксат бар. Жалпысынан бүгүнкү күндө казакстандыктар дүйнөнүн 79 өлкөсүнө визасыз кирип-чыга алышат.

Мадияр Исмаилов, ТИМ консулдук кызмат департаментинин башкармасы:

- «Henley & Partners» деген чоң, ири дүйнөлүк агенттик бар. Ошонун эсеби боюнча 25 жылда биз 67-орунга көтөрүлдүк. 10 жыл мурун биз 76-орунда турчубуз. Ал кезде 60ка жакын өлкөлөр менен гана визасыз же оптималдаштырылган виза саясаты менен барчубуз. Азыр анын саны өсүп 80ге жакындап калды. Казакстандын паспорту таанымалдыгы, салмактуулугу өзүнүн кубаттуулугу аркасында мисалы Борбордук Азияда көч башы өлкө деп айтууга болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков