Бүгүн мамлекет
башчысы ишкерлердин укугун коргоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдү кабыл алды. Канат
Нуров Президентке 2024-жылы аткарган ишинин жыйынтыктары тууралуу отчет берди.
Ишкерлердин укугу бузулушуна байланыштуу келип түшкөн арыз боюнча кабыл алынган
оң чечимдин натыйжасында 20 миллиард теңгеден ашык чыгымдын алдын алууга
мүмкүнчүлүк түзүлдү. Өлкөдө бизнестин өнүгүшүнө тоскоол болгон ашыкча
административдик тоскоолдуктарды жоюуга басым жасалат. Жыйынтыктап айтканда,
мамлекет башчысы Ишкерликти коргоо стратегиясын ишке ашыруу алкагында топтолгон
көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган бир катар тапшырма берди.
К.Токаевге
жоопкерчиликтүү бизнестин рейтинги боюнча сунуштар тааныштырылды
Ошондой эле,
бүгүн мамлекет башчысы инвесторлор ассоциациясынын төрагасын кабыл алды. Болат
Акчолаков президентке ата мекендик бизнестин улуттук рейтингин ишке киргизүү
боюнча сунушун жеткирди. Мындан тышкары, салык системасын жаңыртуу, монополияга
каршы саясатты өркүндөтүү жана мамлекеттик сатып алууларды реформалоо
маселелери козголду. Ошону менен катар, мамлекеттик башкаруу системасына
санариптик чечимдерди жана жасалма интеллект технологияларын киргизүүгө басым
жасалды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

