Казакстан Президенти парламенттик реформа боюнча жумушчу топ түзүүгө буйрук берди

Казакстан Президенти парламенттик реформа боюнча жумушчу топ түзүүгө буйрук берди

Казакстандын Президенти парламенттик реформа боюнча жумушчу топ түзүү тууралуу буйрукка кол койду. Ал мамлекет башчысынын быйылкы Кайрылуусунун ишке ашырылышы боюнча сунуштарды иштеп чыгуу менен алектенет. Топтун курамына парламенттин Мажилисинин жана Сенатынын, Казакстан элдеринин Ассамблеясынын өкүлдөрү, саясий партиялардын фракцияларынын жетекчилери кирди. Мындан тышкары, анын курамына илимий институттардын өкүлдөрү, конституциялык укук, мамлекет жана укук теориясы боюнча адистешкен көрүнүктүү окумуштуу-юристтер, ошондой эле серепчилер жана Улуттук курултайдын мүчөлөрү кирди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков