«Экинчи көтөрүлүү» көргөзмөсү Астана коомчулугуна жол тартты

Белгилүү британ айкелчи Юнус Сафардияр Казакстанда алгачкы көргөзмөсүн өткөрдү. «Экинчи көтөрүлүү» деп аталган көргөзмө автордун жашоого болгон уникалдуу көз карашын камтыйт. Анда ар кандай стилдердин жана материалдардын, ошондой эле идеялардын айкалышын көрүүгө болот. Коноктор мурда кийин болуп көрбөгөн фигуралар менен сүрөттөр таң калтырды. Чыгыш элдерине мүнөздүү футуристтик мамиле менен маданияттын айкалышы скульптурада да, живописте жана видео инсталляцияда да чагылдырылган. Белгилей кетсек, көргөзмө Улуттук музейде жетинин айынын 17сине чейин уланат.

Юнус Сафардияр, айкелчи:

- Адамзат мындай мезгилди башынан өткөрө элек. Заманбап мезгили аякталып, постмодернде өмүр сүрүп жатканыбызга 100 жыл болуп калды. Азыр биз чекке жеттик. Постмодернизм деген эмне? Анын багыты жок же мааниси жок. Ар бир адамдын көз карашы ар башка. Бул бир адамдын жеке сүйлөшүүсү деген доомат азыр жок. Мисалы, миңдеген, атүгүл миллиондогон адамдардын тарыхы бар. Бул ошондой эле постмодерндик мезгилдин жаркын чагылышы.

Которгон: Назира Бегалиева