Быйыл айтылуу ырчы Бибигүл Төлегенова 95 жашка толду.
Казакстандын борборунда булбул үндүү өнөр ээсинин мааракесин утурлай чоң
концерт болуп өттү. «Астана Опера» театрында белгилүү опера аткаруучусун
белгилүү искусство ишмерлери, балет артисттери жана өлкөнүн алдыңкы жамааттары
куттукташты.
70 жылдан ашуун убакыттан бери Бибигүл Төлегенованын
ысымы жогорку кесипкөйлүк, аткаруучулук тазалыгы жана улуттук музыкалык өнөргө
болгон сүйүү менен айкалышкан. «Казак булбулунун» репертуары ар түрдүү. Анын
чыгармачыл фондунда элдик ырлар, атамекендик белгилүү композиторлордун
чыгармалары, романстар, опералардагы ариялар жана батыш европалык музыка
чеберлеринин белгилүү чыгармаларынан аткаруулар бар. Атап айтсак, эл оозунда
айтылып жүргөн «алмаз таш», «жыйырма беш», «кош Карлыгач», «эскерүү», «булбул»
жана башка популярдуу ырлар жаңырат. Бибигүл Төлегенова өнөр жолунда отузга
жакын сыйлыкка ээ болду. Ал ХХ кылымдын жыйырма көрүнүктүү аялдарынын бири
катары ЮНЕСКОнун тизмесине киргизилген.
Бибигүл Төлегенова, опера ырчысы, Казак жана СССРдин эл
артисти:
- Биз ар дайым өз өлкөбүздүн тарыхын жана анын маданиятын билүүгө умтулушубуз керек. Элдик чыгармабы же казак операсыбы аткарууга киришердин алдында мен ырдабайм, тексттин ар бир сабын окуйм. Мен муну чыгарманын маанисин түшүнүү үчүн жасайм, андан кийин мен сүйлөп, жатка айтам. Ошондон кийин гана мен чыгарманы музыка менен бирге аткарам. Ошондо гана ырчы чыгарманын чыныгы маанисин түшүнүп, аткаруунун өзү өзгөрөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков