QAZAQ TV каналынан балдар күнүнө атайын чыгарылыш

QAZAQ TV каналынан балдар күнүнө атайын чыгарылыш

Балдарды коргоо күнүндө ачык асман алдында «БалаШым» фестивалы өтөт. Бул өз жанрындагы уникалдуу иш-чара болот, дешет долбоордун продюсери Жан Муканов.

Быйыл биринчи жолу уюштурулуп жаткан фестивалга Казакстандын бардык аймактарынан 29 өнөрпоз катышат. Алар «Балдар Евровидениеси», «Балдар үнү», «Жылдызай» жана «Бозторгой» сыяктуу республикалык сынактардын жеңүүчүлөрү.

Белгилей кетсек, музыкалык долбоор Qazaq TV каналынан кулжа айынын 1де көрсөтүлөт.

Жан Муканов, продюсер:

- «БалаШым» балдар фестивалы быйыл биринчи жолу Балдарды коргоо күнүнүн алкагында өтөт. Пандемияга байланыштуу концертке көрүүчүлөр бара алышпайт. Ошондуктан биз сыналгы версиясын гана тартып жатабыз. Кеченин алып баруучулары: белгилүү блогер Аминка-Витаминка жана белгилүү ырчы Макпал Исабекова. Тартуу open air форматында жүргүзүлөт. Ошондой эле таланттуу өзгөчө балдар өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Бардык жанрларды камтыганга аракет кылдык. Эстрада, казактын салттуу жанрдагы ырлары, англис тилиндеги чыгармалар аткарылат. Фестиваль абдан кызыктуу болот деп ишенем.

Музыкалык долбоор быйыл фестиваль катары уюштурулса, кийинки жылдан тарта конкурстук форматка өткөрүлөт. Келечекте аны эл аралык деңгээлге чейин көтөрүү көздөлүүдө, дешет уюштуруучулар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков