Вокалдык Silk Way
Star долбоорунда өткөн ишембиде чыныгы музыкалык интрига орун алды. Сынактын
экинчи эпизодунда казакстандык катышуучу Алем калыстар тобун өзүнүн жаркыраган
аткаруусу менен багындырып, экинчи орунду ээледи. Белгилей кетсек, экинчи
эпизоддо катышуучулар англис тилиндеги дүйнөлүк хиттерди аткарышты. Калыстар
тобу Грузия, Өзбекстан жана Армениядан келген катышуучуларды да жогору
баалашты. Бирок эң көп упайды экинчи жума катары менен малайзиялык ырчы Язмин
Азиз топтоду. Артистти колдоо үчүн атайын Астанага Филиппинден блогер Саймон
Хавьер учуп келди. Анын айтымында, долбоор жаш артисттерге дүйнөлүк атак-даңкка
жетүүгө мүмкүнчүлүк берет. Чет элдик конок биринчи жолу болуп жаткан өлкө
жөнүндөгү таасирлери менен да бөлүштү.
Саймон Хавьер,
Блогер /Филиппин/:
- Язмин менен
абдан сыймыктанам, анткени Малайзияны көрсөтүү - бул ал үчүн уникалдуу
мүмкүнчүлүк жана чоң сыймык. Менимче, ал сонун иштеп жатат. Silk Way Starдын
дагы көп эпизоддорун көргүм келет. Келечекте долбоорго Филиппин сыяктуу дагы
көп өлкөлөр катышат деп ишенем. Silk Way Star – сонун сынак, жана бул долбоорду
чоң ийгилик күтүп турганына ишенем. Куттуктайм Silk Way Star! Керемет!
Андан кийин
Азербайжандын өкүлү Сабина Заде долбоор менен коштошкону белгилүү болду. Аны
колдоо үчүн сахнага сынактын калган 11 катышуучусу чыкты. Алардын баары
биргелешкен чыгарма аткарышты. Эскерте кетсек, Silk Way Star - бул Казакстандын
борборунда өтүп жаткан биринчи эл аралык вокалдык конкурс. Шоуда Азербайжан,
Армения, Грузия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Малайзия, Монголия, Тажикстан,
Түркмөнстан, Өзбекстан жана Түштүк Кореядан келген аткаруучулар өздөрүнүн
чеберчилигин жана өлкөсүнүн маданий каада-салттарын көрсөтүшөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

