5-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын дүйнөгө таанытуу, улуттук оюндарды, туризм тармагын таанытуу максатында Казакстанга белгилүү блогерлер келишти. Аны маданий жана спорттук иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча дирекция уюштурду. Бул үчүн алар 8 өлкөдөн – Таиланд, Малайзия, Кытай, Оман, Түркия, Вьетнам, Италия, Азербайжан жана Кыргызстандан 11 блоггерди жана инфлюнсерлерди чакырышкан. Конокторго казак күрөшү, бүркүт салуу, чүкө атуу, тогуз коргоол, салттуу жаа атуу жана башка оюндар көрсөтүлдү. Контенттин авторлору эрежелерди изилдөө менен чектелбестен, мелдештерде да өз күчтөрүн сынап көрүштү.
Нур Рухайнис Фарехах, блогер/Малайзия:
– Бул жерде биз көптөгөн кызыктуу оюндарды көрдүм. Бирок мен жаа атууга өзгөчө кызыгам. Бул салттуу оюн абдан жагымдуу деп ойлойм. Мага Казакстан абдан жагат! Эли абдан меймандос.
Нур Риша Шармин Зайнул Ильяс, блогер, Малайзия:
– Бул менин Казакстанга биринчи сапарым жана мага сиздердин өлкө абдан жакты. Салттуу оюндарды сөз менен айтуу мүмкүн эмес. Айрыкча жаа атуу, мас-рестлинг. Бул спорттун адамдын ден соолугуна да пайдасы бар деп ойлойм. Жаа атуу боюнча айтсам, бир караганда оңой көрүнгөнү менен сабырдуулукту жана тактыкты талап кылат. Ал эми мас-рестлинг чынында эле чоң спорт.
Кемаль Кая, блогер, Түркия:
– Мен 15 жылдан бери дүйнө жүзүн кыдырып, социалдык тармактарда өз тажрыйбам менен бөлүшүп, адамдарды жаңы өлкөлөр, шаарлар, жерлер жана маданияттар менен тааныштырып келем. Казакстанга экинчи сапарым. Аяк оона айында Астанада өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына да барууну пландап жатам. Мелдешке болгон даярдыктарды карап көрсөк, алар жогорку деңгээлде өтөт деп ишенем. Ар кайсы өлкөнүн спортчуларынын ортосунда кызыктуу мелдеш болорун көрүп турам. Анткени бул биздин жалпы салтыбыз жана спорттун көп түрлөрү бизге бала кезден тааныш. Мисалы, чүкөнү айта турган болсок, баарыбыз бала кезибизден бери ойнойбуз.
Уюштуруучулардын айтымында, улуттук спорт оюндары казак маданиятынын ар тараптуу байлыгын ачып гана тим болбостон, анын өзгөчөлүгүн көрсөтүп, республикага чет элдик туристтерди көбүрөөк тартат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков