Костанай аймагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери
Михаил Подоляков жүз жылдык мааракесин белгишет.
Ардагер жашаган үйдүн жанында оркестрдин коштоосунда куттуктоо иш-чарасы
уюштурулду. Жаштар да четте калбай, айлананы тазалашты. Карыганына карабай,
улгайган ардагер короого чыгып, көңүл бөлгөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Михаил Подоляков-эрдиктин жана мекенге болгон сүйүүнүн чыныгы мисалы. Ал согуш
талаасына 1942-жылы болгону 17 жашында барган. Көкүрөктөгү ордендер жана
медалдар чоң эрдиктин далили. Согуштан кайтып келгенден кийин көп жылдар бою
үзүрлүү эмгектенип, коомдук иштер менен алектенген.
Михаил Подоляков, ардагер:
- Менин абалымды билүү үчүн келгениңиздерге ыраазымын.
Бир топ жашка келдим. Мекенди коргодум. Урмат көрсөткөндөрдүн баарына, жаштарга
рахмат!
Которгон: Илгиз Жамалбеков

