Екибастузда ферроэритме өндүрүүчү завод курулат

Екибастузда ферроэритме өндүрүүчү завод курулат

Казакстан ферроэритмелердин эң ири өндүрүүчүлөрүнүн бирине айланышы мүмкүн. Павлодар облусунда ушу өнүм түрүн чыгаруучу завод курулат. Долбоорго салына турган инвестициянын көлөмү 113 миллиард теңгеден ашат, ал эми ишкананын кубаттуулугу жылына 80 миң тонна өнүмдү түзөт. Заводду пайдаланууга берүү 2025-жылга белгиленген. Натыйжада Жапония, Түштүк Корея, АКШ, Түркия жана Европа өлкөлөрүнө ферросилицийдин экспорту көбөйөт. Бүгүн республиканын Премьер-министринин төрагалыгы алдында экономиканы модернизациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын отуруму болду. Катышуучулар мунай кендерин мындан ары өнүктүрүү, ошондой эле, 2021-2025-жылдарга менчиктештирүүнүн комплекстүү планын тактоо маселесин карап чыгышты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков