Нью-Йоркто Казакстандын Президенти АКШнын ишкер
чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушууларды улантты. PepsiCo мүдүрлөр кеңешинин
башчысы Стивен Кихо менен Алматы облусундагы инвестициялык долбоорду ишке
ашыруу маселеси талкууланды. Эске
салсак, компания ал жерде 368 миллион доллар инвестиция менен жеңил тамкктарды
өндүрүүчү завод куруп жатат.
Касым-Жомарт
Токаев Amazon компаниясынын вице-президенти Дэвид Запольски менен жасалма
интеллект, санариптештирүү жана байланыш тармактарында кызматташуунун келечегин
талкуулады. Мамлекет башчысы Amazon жана компаниялардын өлкө боюнча кең
тилкелүү интернетти камсыз кылуу жана киберкоопсуздукту күчөтүү боюнча
биргелешкен пландарын колдоду. Нью-Йоркко болгон сапарынын алкагында «Казактелеком» жана Amazon Kuiper (Кайпер) спутниктик
тармагына жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча дистрибьютордук келишимге кол
коюшту. Компания Алматы, Аккөл жана Актау шаарларында инфраструктураны
жайылтып, 200 миллион долларга жакын инвестиция салууну пландаштырууда.
Cerberus Capital Management (Церберес Кэпитал Менеджмент)
компаниясынын башчысы Фрэнк Бруно менен болгон жолугушууда Транскаспий
транспорттук маршрутунун дарамети талкууланды. Компания анын өнүгүүсүнө
инвестиция салууга кызыкдар.
Казакстан
Президентинин америкалык бизнес лидерлер менен жолугушууларынын сериясын
Chevron корпорациясынын мү дүрлөр
кеңешинин
төрагасы жана башкы аткаруучу мудүрү
Майкл Уирт менен болгон баарлашуу улантты. Тараптар Теңизди келечекте кеңейтүү
долбоорун ишке ашырууга, Карачаганакта газды казып алуу жана кайра иштетүү келечектерине ошондой эле көмүртектерди дүйнөлүк рынокторго
жеткирүү маршруттарын, анын ичинде Ортоңку коридор аркылуу өнүктүрүүгө көңүл
бурушту.
Майкл
Уирт, Chevron корпорациясынын жетекчиси:
- Күн
тартибинде Теңизде өндүрүштү кеңейтүү, энергетика тармагына жана Казакстандын
экономикасына инвестиция салуу мүмкүнчүлүктөрү темалары бар болчу. Ошондой эле,
биз Европанын жана жалпы дүйнөнүн рынокторуна энергоресурстарды жеткирүү
маселелерин талкууладык.
Президент
Токаев мунай-газ тармагындагы Казакстандын алдыңкы өнөктөштөрүнүн бири –
ExxonMobil корпорациясынын жетекчиси Даррен Вудс менен Теңиз жана Кашаган
кендериндеги мындан аркы иштин келечегин талкуулады.
Касым-Жомарт
Токаев Meta компаниясынын вице-президенти Янн Лекун менен инновациялык
технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сүйлөштү.
Мындан
тышкары, санариптештирүү жана Казакстанда маалымат борборлорун куруу боюнча
мүмкүн болгон биргелешкен долбоорлор Мамлекет башчысы менен Blackstone
компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Стивен Шварцмандын сүйлөшүүлөрүнүн
темасы болду.
Бразилиялык Embraer авиакурулуш компаниясынын жетекчиси Франсиско Гомес Нето менен болгон жолугушуунун негизги темасы жүк ташуу жаатындагы кызматташуу болду. Тараптар Казакстанда бул маркадагы учактарды техникалык тейлөө боюнча тейлөө борборун ачуунун келечегин карашты.
Касым-Жомарт
Токаев Казакстандагы ири долбоорлорду каржылоо маселелерин Citigroup банктык
тобунун башкы аткаруучу мүдүрү
менен
талкуулады. Джейн Фрейзер өлкө менен өнөктөштүктү эң маанилүү багыттардын бири
катары караарын белгиледи.

