Egov модульдарын дагы бир Африкалык мамлекет колдонот

Казакстан санариптик кызматтарын дагы бир өлкөгө экспорттойт. Egov.kz санарип өнүмүн Того Республикасы колдоно турган болду. Казакстан аталган мамлекет менен электрондук өкмөттү өнүктүрүүгө техникалык жардам көрсөтүү боюнча лицензиялык келишим түздү. Эске сала кетсек, жакында Сьерра-Леоне менен Казакстандын IT долбоорлорун экспорттоо боюнча келишимге кол коюлган.

Дмитрий Мун, улуттук маалыматтык технологиялар акционердик коому башкарма башчысынын милдетин аткаруучу:

– Лицензиялык келишимдин алкагында 3 модул берилди. Алар электрондук өкмөттү жана мамлекеттик кызматтарды тез санариптештирүү үчүн зарыл. Алардын бардыгы программалык камсыздоонун компетенттүү процесстерин тез санариптештирүү талаптарына жооп берген жана көп ресурстарды талап кылбаган биздин концепциябызды камтыйт. Биздин компаниянын жана өлкөбүздүн бренди дүйнөлүк аренада кеңири жайылып жатканы биз үчүн албетте чоң кубаныч.

Которгон: Илгиз Жамалбеков