Казакстандын тышкы
соодасы үстүбүздөгү жылдын беш айында 55 миллиард доллардан ашты. Улуттук
статистикалык бюроcунун маалыматы боюнча, Евразия экономикалык биримдигине
кирген өлкөлөр менен товар жүгүртүү 11 миллиард АКШ долларына жетти. Казак мунай жана мунай өнүмдөрү, жез жана
ферроэритме башкалардын арасында чоң суроо-талапка ээ. Ал эми импортко келе турган болсок унаалар менен
дары-дармектер алдыда. Ата мекендик өнүм негизинен өнөктөш өлкөлөргө –
Италияга, Кытайга, Орусияга, Францияга, Нидерландыга жана Түркияга
экспорттолот.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков