Казакстан Орусияга экспортту
көбөйттү. Анын көлөмү үчтүн айы жана бугу айларында акчалай алганда 2,8
миллиард долларга жетти. Орусиядан тышкары Кытай жана Италия өлкөнүн негизги
өнөктөштөрү болуп келет. 2024-жылдын алгачкы 5 айында КЭРна жеткирүүлөр болжол
менен 20 пайызга өсүп, АКШ валютасында 6 миллиард 800 миллионго жетти. Италияга экспорт 4 миллиард 600 миллион долларды
түздү. Мындай маалыматтарды өлкөнүн
Экономика министрлигине караштуу Экономикалык изилдөөлөр институту бөлүштү.
Бүгүнкү күндө өлкөнүн тышкы соодасы 32,5 миллиард долларга өстү.
Көрсөткүчтөрдүн эки эсеге көбөйүшүнө мунайдын, жездин, радиоактивдүү
элементтердин жана ферроэритмелердин берилишинин көбөйүшү шарт түзгөн. Ошол эле
учурда Казакстанга импорттун көлөмү кыскарганы байкалат. Белгилей кетсек, өлкөгө
негизинен автоунаалар, дары-дармектер, мобилдик аппараттар жана учак
аппараттары жеткирилет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков