Казакстан чет элдик инвестицияларды активдүү тартууда

Казакстан чет элдик инвестицияларды активдүү тартууда

Өткөн жылы Казакстан жалпы баасы 3 триллион теңгегени түзгөн 100дөн ашык инвестициялык келишимге кол койду. Мындан тышкары 2,5 миллиард долларлык 7 келишим түзүлдү. Ал эми ушул жылдын башынан бери АКШ валютасында 2 миллиард келишим бекитилди. Өлкөнүн логистикасы, тоо-кен өнөр жайы жана агроөнөр жай комплекси чет элдик бизнес үчүн суроо-талапка ээ болгон тартымдуу тармактар болуп саналат. Атамекендик ишкерлер да келечектүү долбоорлорго жигердүү түрдө жеке каражаттарын салууда. Серепчилердин айтымында, мунун баары өлкөдө тартымдуу инвестициялык климатты түзүү аракетинин натыйжасы. Мыйзамдык базаны бекемдөө жана инвестициялык келишимдерди өркүндөтүү менен Казакстан инвесторлор үчүн эң ыңгайлуу шарттарды сунуштайт. Эске сала кетсек, 2029-жылга карата улуттук экономиканын көлөмүн эки эсеге, 450 миллиард долларга жеткирүү өлкөнүн алдына коюлган маанилүү милдеттердин бири.

Талгат Зейнуллин, Улуттук экономика министрлигинин инвестициялык саясат жана каржы секторун өнүктүрүү департаментинин башкы серепчиси:

- Акыркы үч жылда ички инвестициянын жалпы көлөмү экономиканын айыл чарбасы сыяктуу негизги тармактарына багытталды. Агроөнөр жай комплексине 5,5 триллион теңгеге жакын инвестиция салынды. Республиканын реалдуу экономика секторуна да бир топ каражаттар бөлүндү. Ага өнөр жай, энергетика, курулуш, транспорт жана логистика тармактары кирет, жалпы инвестициянын көлөмү 2,5 триллион теңгеге жакын.

Габидулла Оспанкулов, Тышкы иштер министрлигинин инвестициялар комитетинин төрагасы:

- Акыркы убакта бир нече компаниялар долбоорлорун ишке ашырууда. Биринчилерден болуп немистин Скай Ханса компаниясы Хоргоско инвестиция салууда. Алар жүк ташуу үчүн аэропорт курууну пландап жатышат. Ири долбоор Достык-Мойнты темир жол линиясынын курулушу башталды. Ал жүк ташуу көлөмүн жылына 10 миллион тоннага чейин арттырууга мүмкүндүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков