eGov.kz порталы ишке киргенине 20 жыл толду. Бул убакыт аралыгында сервис маалыматтык ресурстан толук кандуу санариптик экосистемага чейин өттү. Ал өкмөттүк маалымат базаларын жана мекемелик маалыматтык системаларды бириктирет. Портал өнүгүп, кийинчерээк анын мобилдик тиркемеси да пайда болду. Мындан тышкары, Smart Bridge, Smart Data Ukimet жана eGov Business сыяктуу долбоорлор ишке киргизилген. Азыр платформада 15 миллиондон ашык адам катталган, көрсөтүлгөн кызматтардын жалпы саны жарым миллиарддан ашты. Ал эми 1300дөн ашык мамлекеттик кызматтын 90%га жакыны онлайн форматта жеткиликтүү. Улуттук системанын эффективдүүлүгүн эл аралык деңгээлде да таанышты. Казакстан электрондук өкмөттүн өнүгүү деңгээли боюнча БУУнун рейтингинде 193 мамлекеттин ичинен 24-орунду ээледи, ошондой эле онлайн кызматтар индекси боюнча алдыңкы 10дукка кирет.
Шынгыс Оразалимов, «Улуттук маалыматтык технологиялар» АК башкармалыгынын төрагасынын eGov development боюнча орун басары:
– Порталда эң көп талап кылынгандардын арасында пенсиялык чегерүүлөр жөнүндө маалымкат алуу, бейтапканага катталуу, ошондой эле кыймылсыз мүлкүнүн бар экендиги жөнүндө маалымкат бар. Учурда eGov 3.0 долбоорун ишке ашыруунун активдүү фазасы жүрүп жатат. Үстүбүздөгү жылдын башында электрондук өкмөттүн модернизацияланган шлюзу ишке киргизилди. Бул системанын маалымат өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууну камсыз кылат. Биз электрондук өкмөт порталын ыңгайлуу алууга жана интуитивдик пайдаланууга мүмкүндүк берген жаңы дизайн системасын түздүк.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

