Евробиримдик Казакстан менен кызматташууну бекемдейт. Бул тууралуу Евробиримдиктин санкциялар боюнча эл аралык атайын өкүлү Дэвид О'Салливан Астанадагы маалымат жыйынында билдирди. Жалпысынан, Евробиримдиктин Казакстан менен мамилесине байланыштуу оң күн тартиби бар. Журналисттер менен болгон жолугушууда чет элдик мейман тараптар бир катар биргелешкен амбициялуу долбоорлорду ишке ашырып жатканын жана келечектүү пландары бар экенин белгиледи. Атап айтканда, жашыл технологиялар жана транспорт тармагында.
Дэвид О'Салливан, Европа
Биримдигинин санкциялар боюнча эл аралык атайын өкүлү:
- Биз Казакстан
менен болгон мамилебизди мындан ары да оң жана позитивдүү түрдө өнүктүрүүнү,
тыгыз кызматташтыкты түзүүнү каалайбыз. Санкциялар биздин тыгыз жана терең
кызматташуубузга тоскоол болушун каалабай турганыбызды дагы бир жолу
белгилегибиз келет. Бул сапар АКШдагы кесиптештер менен биргеликте уюштурулган чын
куран айындагы иш сапарыбыздын уландысы болуп саналат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков