Бүгүн Астанада президент Касым-Жомарт Токаев Орусия, Беларусь жана Кыргызстандын өкмөт башчылары менен жолугушту. Эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Мамлекет башчысы «Иннопром.Казакстан» биримдикке мүчө өлкөлөрдүн соода-экономикалык тыгыз кызматташтыгынын дагы бир далили экендигин белгилеп өттү. Анын айтымында, тышкы сооданын көлөмүнүн өсүшү өнөр жай, энергетика, унаа жасоо, айыл чарба жана экономиканын башка тармактарында биргелешкен ишканалардын жана ири долбоорлордун санынын көбөйүшүнөн байкалып турат. Биринчи жарым жылдыкта соода жүгүртүү 13% түздү. Касым-Жомарт Токаев ЕАЭБ мамлекеттери эбегейсиз зор мүмкүнчүлүккө ээ экенин кошумчалай кетти.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
-Казакстан
Евразия экономикалык биримдигинин алкагында кызматташтыкты мындан ары да
өнүктүрүүгө ниеттүү. Биз бул бирлик-абдан келечектүү интеграциялык уюм деп
эсептейбиз. Биримдиктин экономикалык дарамети абдан чоң. Казакстан ЕАЭБге мүчө
бардык мамлекеттер бул жерде 2015-жылы кол коюлган келишимди так сактоосу жана
биздин өлкөлөрдүн рыногун экономикалык интеграция, сооданы өнүктүрүү, өз ара
товар жүгүртүү багытында гана ачуу маселелери менен алектенүүсү зарыл деп
эсептейт.
Касым-Жомарт
Токаев соода-экономикалык кызматташтыктын натыйжалуулугу транспорттук дараметтерди
ачуу менен тыгыз байланышта деп санайт. Бул максатта Түндүк – Түштүк транзиттик
коридорунун, Казакстан – Түркмөнстан – Иран темир жолунун, Батыш Европа – Батыш
Кытай каттамынын мүмкүнчүлүктөрүн ырааттуу өнүктүрүү зарыл. Анткени бул Иранга,
Перси булуңуна жана Индияга чыгууга мүмкүндүк берет. Буга кошумча президент
Транскаспий эл аралык транспорттук коридорунун дараметин да белгилеп өттү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков.