ЕАЭБ аймагында илимий даражалар өз ара таанылат

Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттерде илимий даражалар өз ара таанылат. Сенат бул тууралуу келишимди кабыл алды. Ага ылайык, эми биримдик аймагында мындай документтердин түп нускасын текшерүүнүн зарылчылыгы жок. Аларды тастыктоо боюнча маалымат алмашуу мыйзам менен жөнгө салынат. Мисалы, эмгек миграциясынын алкагында илимий наамдарды автоматтык түрдө таануу механизмдери каралган. Жарандарга илимий даражасы үчүн кошумча акы талап кылган учурда өзгөчөлүктөр каралган.

Алтынбек Нух уулу, Парламент Сенатынын депутаты:

- Макулдашуу ЕАЭБ аймагында эмгек ресурстарынын эркин кыймылын камсыздоо аркылуу эмгек рыногун чыңдоого багытталган. Ошондой эле, жарандардын кесиптик ишмердигине жетүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт. Кыскача айтканда, мыйзам илимий кадрларды алмашууну шыктандырат жана ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн билим берүү системаларынын интеграциясын камсыз кылат. Университеттер менен илимий-изилдөө институттарынын ортосундагы илимий байланыштарды мындан ары чыңдоого мүмкүндүк берет.

Казакстан менен Кыргызстандын авиацилык издөө-куткаруу тармагында кызматташтыгы бекемделет

Жогорку палата Казакстан менен Кыргызстандын авиациялык издөө-куткаруу тармагында кызматташууну бекемдөө боюнча макулдашууну жактырды. Документ өз ара кырсыкка учураган учактардын жүргүнчүлөрү менен экипаждарын издөөнү көздөйт. Буга байланыштуу атайын кызматтардын биргелешкен машыгуулары уюштурулат. Авиациялык окуялар тууралуу маалымат жана тажрыйба алмашуунун ченемдик укуктук базасы аныкталган. Келишимдин аткарылышына жооптуу компетенттүү органдар түзүлөт.

Алишер Сатвалдиев, Парламент Сенатынын депутаты:

- Азыр авиациялык окуялар үчүн «Казаэронавигация» базасында 27 аэропорт жана конуу аянтчаларында тик учак кезмети уюштурулган. Зарыл болгон учурда куткаруу иштерине Коргоо министрлигинин тик учактары да тартылышы мүмкүн. Эл аралык стандарттар боюнча билим алган кызматкерлер жана күнү-түнү иштеген байланыш каражаттары менен камсыздалган. Издөө-куткаруу координациялык борбору түзүлдү. Издөө-куткаруу иштерин уюштурууга Коргоо министрлигинин парашюттук десанттык топтору жана ӨКМдин издөө-куткаруу топтору биргелешип иштөөгө даяр.


Которгон: Илгиз Жамалбеков