Казакстанда 10 айда 75 миллион тоннага жакын мунай өндүрүлгөн. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаевге энергетика министри билдирди. Алмасадам Саткалиев жогоруда белгиленген мезгилдин ичинде 11 миллион тоннадан ашык мунай өнүмдөрү, 48 миллиард чарчы метрден ашуун газ, 15 миң тонна уран өндүрүлгөнүн билдирди. Жалпы өнүдүрүлгөн электр энергия көлөмү 93,5 миллиард кВт/саатты түздү. Мындан тышкары, Алмасадам Саткалиев улуттук электр тармагын өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана өлкөнү газдаштыруу планы тууралуу маалымат берди. Президент энергетикалык инфраструктураны модернизациялоону өзгөчө көзөмөлгө алууну тапшырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков