Алматыда Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрликтеринин жетекчилеринин жолугушуусу болот. Эки мамлекеттин тышкы иштер министрлеринин сүйлөшүүлөрү буга айынын 10да өтөт. Белгилей кетсек, буга чейин Касым-Жомарт Токаев өлкөлөр ортосундагы мамилелерди тез арада жөнгө салууга, ошондой эле, Түштүк Кавказда туруктуулукту жана коопсуздукту камсыздоого чакырган. Президент чын куран айындагы Ереванга болгон расмий иш сапарынын алкагында Казакстан тынчтык жана ынтымакка жетишүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн жолдорунун күчтүү жактоочусу катары бул багыттагы бардык аракеттерди колдоого даяр экенин баса белгилеген. Буга кошумча, мамлекет башчысы Алматыда боло турган жолугушуунун символдук маанисине токтолгон. Дал ушул жерде 1991-жылы бештин айында тарыхый декларацияга кол коюлган, анда КМШ өлкөлөрүнүн өз алдынча өнүгүүсүнүн негиздери жана мамлекеттер аралык чек араларды аныктоонун принциптери белгиленген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков