Дүйнөлүк жаныбарларды коргоо уюму Казакстанга көмөктөшөт

Дүйнөлүк жаныбарларды коргоо уюму Казакстанга көмөктөшөт

Бүткүл дүйнөлүк жаныбарларды коргоо уюму ветеринардык кадрларды даярдоо жаатында Казакстан менен кызматташат. Мисалы, калктуу-конуштардагы мал дарыгерлерин даярдоодо дүйнөлүк тармактык лабороториялардын тажрыйбасын пайдалануу көздөлүүдө. Бул тууралуу аталган уюмдун өкүлү Дмитрий Морозов айыл чарба илимин өнүктүрүү маселелери боюнча Сенаттагы өкмөттүк саатта билдирди. Анын айтымында, атайын программанын алкагында өлкөнүн агрардык жогорку окуу жайларында да, айыл чарба колледждеринде да окуу пландарын реформалоо иштери каралууда. Мындан тышкары, дүйнөлүк уюм ветеринардык тармакты өнүктүрүүдөгү Казакстандын кадамдарына колдоо көрсөтөт. Анын ичинде, бирдиктүү көзөмөлдөөчү органды түзүү камтылган.

Дмитрий Морозов, Бүткүл дүйнөлүк жаныбарларды коргоо уюмунун өкүлү:
- Бул орган ветеринардык палата же ветеринардык кеңеш деп аталат. Долбоорго ылайык, ветеринардык билим берүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Мындан тышкары, адистердин билим деңгээлин жогорулатуу, бүтүрүүчүлөрдү жумуш менен камсыз кылуу жагын карап жатабыз. Эң негизгиси, ар бир мамлекетке керек болгон ветеринарлардын жана фельдшерлердин санын эсептеп, керектүү кадамдарды жасоо каралган. Атайын кадамдардын тизмеси түзүлүп, учурда Европа, Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө ишке ашырылууда.

Ошондой эле, уюмдун өкүлү өзүнүн сунуштары менен бөлүштү. Анын айтымында, заманбап ветеринардык кадрларды даярдоо үчүн Жогорку билим берүү жана илим министрлиги, Айыл чарба министрлиги өз ара координациялоону күчөтүшү керек. Ошол эле учурда, Айыл чарба министри республикада «кадрларды даярдоо – илимий изилдөө – өндүрүш» принцибине ылайык айыл чарба илимин өнүктүрүүнүн жаңы моделин киргизүү пландаштырылып жатканына токтолду. Анда ата мекендик изилдөө университеттерине жана агротехнологиялык борборду түзүүгө басым жасалат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков